2023-жылдын жайында борбор калаанын түштүк бөлүгүндө суунун жетишсиздиги байкалган. Мындай окуя кайталанбашы үчүн, ошондой эле "Орто-Алыш" суу тосмосун жана шаардагы бардык скважиналарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга даярдоо максатында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен   "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы суу топтоочу үч көлдүн түбүн жана жээктерин ылайдан тазалап, ошону менен бирге скважиналарды тазалап жатат.

Жеринде 6 техника иштеп жатат.

“Орто-Алыш” суу алуучу жайы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылат. Кудук системасы кумду жана башка булгоочу заттарды кармап турган чыпкалар орнотулгандай уюштурулган. Суу алуучу аппараттын түбүндөгү булгануу   суунун сапатынын жана механизмдин иштешинин начарлашына алып келет.

Скважинаны тазалоо процесси анын диагнозунан башталат. Бул максатта атайын видеокамера сатылып алынып, ал скважинага батырылып, иликтенет. Профилактикалык техникалык иш-чаралар жыл сайын өткөрүлөт.

2023-2024-жылдары болжол менен 20 скважинаны изилдөө жана тазалоо пландалууда. Скважиналарды изилдөө фильтр колонкаларын кумдан жана шагылдан тазалоо максатында жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана "Бишкексууканал" башкармалыгынын жетекчилиги менен биргеликте "Орто-Алыш" жана "Башкара-Суу" суу тосмолорун текшерип чыккан. Борбор калаанын мэри 2024-жылы иш-чаралардын жана аларды ишке ашыруунун планын түзүүнү тапшырды.