Иш-чарага тарыхчы-изилдөөчү Памирбек Казыбаев, коомдук ишмерлер, №14 МАБдын кызматкерлери, конуш тургундары, №78 мектептин окуучулары жана БКТ кызматкерлери чакырылды.


Жолугушуу окурмандарды китепке болгон кызыгуусун арттыруу, патриоттук сезимин ойготуу, Кыргызстандын тарыхын үйрөтүү жана китепканага тартуу максатында өтөт.


Бардык катышуучулар   китептер, дубал гезиттер  көргөзмөсүнө, №78 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын көркөм окууларына күбө болушат.