«Бишкек суу чарба» МИси тарабынан  Октябрь, Ленин жана Свердлов райондоуна Б-3-2 үлгүсүндөгу темир бетон ирригациалык лотокторду орнотуу иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлүүдө.

— Ауэзов көчөсү менен темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
— Алтымышев көчөсү менен Шота Руставели көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;
— Ахунбаев көчөсүнөн Дене тарбия жана спорт академиясына чейин.

Эскерте кетсек Биринчи май районунда ачык коллектодук-дренаждык тармактарды тазалоо улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга, дренаждык жана ирригациялык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.