Биринчи май районунун №93 мектепке чейинки билим берүү уюмунда кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата ачык сабак өткөрүлдү.
Бала бакчанын тарбиялануучулары «Ак кеме» повестинен сценка көрсөтүштү, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү болду.
Бул багыттагы чыгармачылык иш-чаралар улантылууда.
Белгилей кетсек, быйыл “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата шаар боюнча ар кандай иш-чаралар өтүүдө.