«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтты көрктөндүрүп бүтүштү.
Биринчи май районунун акими Мурат Осмоновдун демилгеси менен "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы жаңы гүл бакчага биринчи жолу жашыл көчөттөрдү отургузушту.
Дарактардын жалпы саны 49 ийне жалбырактуу жана 27 жалбырактуу өсүмдүктөрдү түздү. 350 погон метрге сугат системасы орнотулуп, келечекте бул аянт тамчылатып сугарылат.
Газон чөптүн үрөнү 1429 м2 аянтка себилет.
Эске сала кетсек, буга чейин муниципалдык аймактын бул бөлүгү мыйзамсыз соода түйүндөрүнө толгон.