СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында Свердлов районунда социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча көп секторлуу ведомстволор аралык координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Комиссиянын алкагында АИВ-инфекциясынын таралышын жоюу, кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо боюнча чараларды ишке ашыруу, ошондой эле калкты эмдөө маселелери каралды.
Комиссиянын отурумуна саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле үй жана кварталдык комитеттерден райондун активи катышты.
СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында маалыматтык сессиялар жана ВИЧке акысыз экспресс-тестирлөө өткөрүлдү.