Урматтуу шаар тургундары! “Бишкексууканал” ӨЭБсы PIP-6 “Суунун агып калууларын табуу үчүн аспаптар жана атайын техникага” бир-этаптуу ачык сынак жарыялайт.
Сынак эки лоттон турат:
Лот 1 – суунун агып калууларын табуу үчүн аспаптарды жана кошо жүрүүчү кызматтарды алып келүү.
Лот 2 – атайын техниканы жана кошо жүрүүчү кызматтарды алып келүү.
Тоорук Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ЕСЕРР - https://ecepp.ebrd.com электрондук порталында жайгашкан.
Бул сынакка катышуу үчүн катышуучулар ЕСЕРРте жайгашкан шарттарына ылайык ЕСЕРРке катталышы зарыл. Сынакка катышууга катталган жана катышууну кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирген катышуучулар гана ЕСЕРР аркылуу сынак документтерине кирүүгө, түшүндүрмө, кошумчалоо жана өзгөртүүлөрдү алууга жана өздөрүнүн жообун/сынактык табыштамаларын жиберүүгө мүмкүндүк алат.
Сынактык табыштама автоматтык түрдө 12.01.2024-ж., саат 10:00дө ачылат (Улуу Британиянын убактысы).
“Бишкексууканал” ӨЭБсы “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны реабилитациялоо”– II фаза долбоорун каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкаруучулук кылган Швейцария Кофедерация Өкмөтү (SECO) тарабынан көрсөтүлгөн үнөмдөлгөн грант каражаттарын пайдаланууну ниет кылат.