Бишкек шаарында Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында “Манас” эпосунун күнүнө арналган грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өттү.

«Эң мыкты жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн» турниринин эстелик кубогу төмөндөгүлөргө ыйгарылды:
- 72 кг салмакта Новосибирск шаарынан келген спортчу Грайр Оганесян;
- 82 кг салмакта Казакстандын спортчусу Калтай Дияс;
- 67 кг салмакта Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчусу Сабит Шамшединов;
- 60 кг салмакта «АК ИЛБИРС» спорт мектебинин спортчусу Туратбек уулу Саид.

Белгилей кетсек, турнирге Россия, Казакстан, Швеция, ошондой эле Кыргызстандын аймактарынан келген спортчулар катышты.

Иш-чараны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти,  Манас улуттук театрынын жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана чыгармачылык тобу уюштурду.