Базардын соодагерлери менен шаар мэри Айбек Джунушалиев жана базардын ээси Аскар Салымбеков жолугушту. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну Ленин администрациясына чакырды.

Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Джунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү үстөлүндө талкуулоо тууралуу пикирине 100 пайыз макул болду.
Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, бүгүн базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.