Бишкектеги көмүрдүн маркасы, сатуу пункттары жана көмүрдүн баасы.

Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги  көмүр базасында  «Кара-Кече» көмүрүнүн  тоннасы 4700 сом;
- Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде  (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы)   «Кара-Жыра» көмүрүнүн  тоннасы  6000 сом;
- «Береке» ЖЧКсы,  Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде  «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
- «Беш Сары» ЖЧКсы,  Мурманск көчөсү 1Б дарегинде  «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
- Дэн Сяопин пр., 306а дарегиндеги  КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында  «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- ЖИ "Болотбеков", Дэн Сяопин пр., 308/4 дарегинде  “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
- «Золотая корпорация» ЖЧКсы,  Мурманск 1Б дарегинде,  кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн  тоннасы 6000 сом;
- Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көч., 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы  4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече  көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:
- «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а дарегинд  1 кап көмүрдүн баасы  220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
-  Щербаков көчөсү 121 дарегинде  1 кап көмүр  200 сом;
- Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом  жана тоннасы  6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
- «Алтын-Бешик» конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
-  Дэн Сяопин пр.,  531 дарегинде 1 мүшөк көмүр  280 сомдон;
- «Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
- Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр  240 сомдон сатылууда;
- «Калыс Ордо» конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө  1 кап көмүр 250 сомдон.
Ошол эле учурда кышка жакын  15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
-  Достоевский көчөсү №1, «Шабыркул» тоннасы 6200 сом;
- айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
- «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
-   "Кара-Жыгач" конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы  4700 сом;
- "Рухий-Мурас" конушу Бейшеналиева көч. -   Рухий Мурас 2 көч., “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.