Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары таэквондо боюнча WT “Жолборс 2023” эл аралык турниринде командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Мелдеш Бишкек шаарында 2-3-декабрь күндөрү өттү. Спортчулар 15 алтын, 12 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, ачык турнирге Бишкек шаарынан, Чүй облусунан, Токмак шаарынан 450гө жакын спортчу жана Казакстандан 3 команда катышкан.