Бишкекте №102 жана №162 автобустар жүрө баштады.

Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.