Район башчысы Алтынбек Кутманов мурда бекитилген бизнес-пландарга ылайык өз ишин уюштуруу үчүн жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алган, социалдык келишимдин негизинде мамлекеттен жардам алган үй-бүлөлөргө барды.

2022-жылы Свердлов районунда долбоордун 95 катышуучусу бизнес ачуу үчүн 100 000 сомдон алса, 2023-жылы бул колдоону алардын 22си алган:
– тигүү өндүрүшү-19;
- турмуш – тиричилик кызматтары (клинингдик) - 1;
- автоунаа сатып алуу – (такси кызматы) - 2.

Мурда ар бир балага ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул алып, социалдык келишим түзүүнүн пайдасына жөлөк пулдан баш тарткандар азыркы учурда финансылык абалы жакшы өзгөрүп, айлык акысы айына 20 000 сомдон 50 000 сомго чейин өзгөрүп турат. Финансылык абалдын бул олуттуу жакшырышы социалдык келишимди ишке ашыруудагы ийгиликтин ачык мисалы болуп саналат.

Район башчысы Алтынбек Кутманов социалдык келишимдин бардык катышуучуларына өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жакшыртууга умтулгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал   өнүгүп келе жаткан коомду курууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалдан арылтуу боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.