Бишкек шаарынын Октябрь районунда жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында 2023-жылдын 24-августунан 31-декабрына чейин бардык түрдөгү тынч жыйындарды, митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Бул чаралар муниципалдык администрациянын 2023-жылдын 23-августундагы № 218-р буйругунун жана Октябрь сотунун 2023-жылдын 25-августундагы № ЖИ-4718/23.Б2 токтомунун негизинде КРнын "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамынын 14-15 беренелерине ылайык көрүлгөн.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №27 мекемесинин (СИЗО-1), Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук сотунун, Октябрь райондук прокуратурасынын,  Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында, базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында, "Д. Асанов", «Ынтымак- 1», «Ынтымак -2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу» «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, социалдык түйүндөрдө белгилүү бир маршрут боюнча автожүрүш тууралуу маалымат таратылууда. Өз кезегинде муниципалитет жогоруда аталган иш-чара тууралуу расмий билдирүү албаганын белгилейбиз.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана КР мыйзамын бузбоого чакырат.