Жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилерин өзгөрттү.

Эми экинчи тилкеден солго бурулууга уруксат берилет: батыштан түндүккө, чыгыштан түштүккө жана түндүктөн чыгышка.

Белгилей кетсек, тиешелүү белгилерди "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алмаштырышты.