Майыптардын эл аралык күнүнө карата карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн "Үмүт үйү" социалдык стационардык мекемеде майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле программага чоң аталар жана чоң энелер менен бийлер киргизилген.

Бүгүнкү күндө бул социалдык мекемеде 212 адам жашайт, алардын ичинен 74 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт (1, 2 жана 3-топтогу майыптар).

Бул мекемедеги бардык жашоочуларына акысыз социалдык, медициналык, турмуштук кызматтар көрсөтүлүп, ошондой эле кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектөөчү буюмдар менен толук камсыздалат.

Маалымат үчүн: Майыптардын эл аралык күнү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 3-декабрда Генералдык Ассамблеасынын 1992-жылдын 14-октябрындагы 47/3 резолюциясына ылайык белгиленет.