"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды контейнерлеринин жанында токтоп турган унаалардын айынан таштанды чыгарууда тоскоолдуктар болуп жатканын билдирет.
Ишкананын кызматкерлери белгиленген график боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгарышат. Ал эми аткарылышы керек болгон иштер токтоп турган унаалардын айынан бир канча убакытка кечигүүдө.
Эскерте кетсек, тыюу салынган жерге токтотулган жана таштанды ташуучу унаанын урналарга өтүшүнө тоскоол болгон унааларга ЖКККББ кызматкерлери тарабынан айып салынып, айып пул салынуучу жайга жөнөтүлөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, сизди таштанды контейнерлеринин жанына токтотпоону суранабыз.