Райондук акимчиликтер Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүдө.
Свердлов районунда № 48, 124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын, № 30, 21 көмөкчү орто мектептеринин окуучуларынын жана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын биргелешкен иш-чарасы өттү, иш-чаранын бул форматы ден соолук жана физикалык өнүгүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жашоосуна катышууга, толеранттуулукка тарбиялоого багытталган.
Ага Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков катышты.
Мындан тышкары, фуршет уюштурулуп, азык-түлүк баштыктары тартууланып, концерттик программа уюштурулуп, жетекчинин орун басары Асел Садыкова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Жаныбек Асанбеков, Манас Абдыллабек уулу жана Эрмырза Давыдовдун жылуу сөздөрү айтылды.
Октябрь районунда акимчиликтин жетекчилиги жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда концерт жана түшкү тамак уюштурулду.
Ошол эле учурда атайын жарандардын үйүндө болуп, аларга 5000 сомдон акчалай жардам жана азык-түлүк баштыктары тапшырдык.
Белгилей кетсек, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 1370 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат.
Ленин районунда аким Жыргалбек Шакиев, орун басары Айзада Джунусова жана билим берүү башкармалыгынын директору Таалайгүл Темирканованын катышуусунда №22 атайын көмөкчү мектепте өткөн прикладдык искусство көргөзмөсү өттү.
Аким чың ден соолук, туруктуулук жана бакубат жашоо каалап, ошондой эле 100 миң сомдук сертификат тапшырды.
Ошондой эле, Ленин жана Биринчи май райондорунун башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары Айзада Джунусова менен Айнура Арстамбекова өз райондорунун атайын тургундарына барышып, 5000 сомдук сертификаттарды жана азык-түлүк куржундарын тапшырышты.