Урматтуу абонент!

"Бишкексууканал" ӨЭБсы бул ресурсту пайдаланууда үнөмдөө жана жоопкерчилик принциптерин сактоо менен ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары үчүн өз убагында акы төлөөнүн маанилүүлүгүн эскертебиз. Суу менен камсыздоону үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдө төлөмдөрдү жүргүзүүнү суранабыз.

Сууну керектөөнү натыйжалуу эсепке алуу үчүн ай сайын 20-күндөн кийин сууну эсептөө приборлорунун көрсөткүчтөрүн берүү зарыл.

"Бишкексууканал" ӨЭБсына карызы барларга карызды төлөө зарылдыгын эскертебиз. Бир жылдан ашык карызы бар абоненттер карызды чогултуу үчүн сотко берилиши мүмкүн.