Борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева оригиналдуу тхэквондо ITF федерациясынын спортчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда борбор калаанын мэринин орун басары дүйнө чемпионатында ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө, жайылтууга кошкон салымын баса белгилеп, Бишкек мэриясына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Тхэквондисттер сыйлыкка ээ болушту:
- Рамиза Дайстрокова;
- Айназик Абдужаббирова;
- Гульзара Михманова;
- Владислав Петренко.

Машыктыруучулар:
- Карлыгаш Фаткулина;
- Темирлан Тагайбаев;
- Тен Юрий.

Эскерте кетсек, тхэквондо боюнча 22-чемпионат жана дүйнө биринчилиги 19-26-август күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн. Ага 68 өлкөнүн спортчулары катышып, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 19-орунду ээлеген.