Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана «Бишкексууканал» КБнын жетекчилиги менен биргеликте “Орто-Алыш” жана “Башкара-Суу” суу алгычтарынын иши боюнч текшерүү жүргүздү.
Калаа башчысы диспетчердик пункттунун иши жана таза суу менен камсыздоо маселелери менен таанышты. «Бишкексууканал» ЖЭБинин жетекчилигинин ишинин жүрүшүн карап, жыл башында пайда болгон бардык көйгөйлөргө токтолду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын жай айында тоолордон агып түшкөн суулардын азайгандыгынын себебинен жер алдындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу суунун статистикалык деңгээли 20 метрге чейин төмөндөп, ал борбор калаанын түштүк тарабында суунун жетишсиздигинин негизги себептеринин бири болгон.
Ушуга байланыштуу, шаардын суу алуучу жайлардын жер-жерлердеги ишинин абалы менен таанышуусунун жыйынтыгы боюнча борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын, «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев жетекчилердин, тактап айтканда, «Бишкексууканал» ЖЧКсынын жана бул тармак боюнча көзөмөлдөөчү мэрдин орун басарынын жеке жоопкерчилигин белгилеп, ишкананын жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошону менен бирге шаардагы “Орто-Алыш” суу алгычын жана бардык скважиналарды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого даярдоо максатында 2024-жылга карата иш-чаралардын планын түзүп, ишке ашырууну тапшырды.
Муниципалдык жетекчилик тарабынан коюлган милдеттер:
- жер астындагы горизонтторго суунун чыпкаланышын жакшыртуу үчүн 3 суу толтуруучу көлдүн түбүн жана жээгин ылайдан тазалоо;
- жай мезгили башталганга чейин бардык аз өндүрүлгөн скважиналарда профилактикалык иштерди жүргүзүүгө;
- скважиналарды тазалоо иштеринин көлөмүн көбөйтүүгө, кошумча жабдууларды толук көлөмдө сатып алууга;
- скважиналардын техникалык абалын изилдөөгө жана жер астындагы суулардын статистикалык деңгээлине мониторинг жүргүзүүгө, байкоо жүргүзүү үчүн камераны, көчмө жана стационардык деңгээл өлөгүчтөрдү сатып алууга;
- технологиялык процесстерди санариптештирүү жана жер астындагы суулуу горизонттун статистикалык жана динамикалык деңгээли, скважиналардын дебитин, насостук жабдууларды демонтаждоо жана монтаждоо жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү;
- депрессиялык воронкалардын пайда болушун жоюу жана коңшу скважиналардын өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтүү максатында аларды эксплуатациялоонун эң оптималдуу режимин иштеп чыгуу менен скважиналардын иштешине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;
- 1-майга чейин оңдоодо турган скважиналарда иштерди бүтүрүү жана зарыл болгон учурда ишке киргизилүүчү скважиналардын максималдуу санын камсыз кылуу үчүн насостук-энергетикалык жабдуулар менен камсыздоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматы менен мамлекеттик суу тутумдарынан 11-12 миллион м3 көлөмдөгү сууну калктын муктаждыктарына жеткирүү боюнча келишим түзүү жана аны аткаруу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алсын. Келээрки жылы Бишкек шаарын апрель-октябрь айларында суу менен камсыздаган “Орто-Алыш” суу алгычын толтурууну камсыз кылуу үчүн “Чоң-Алыш” каналы, “Аламүдүн” жана “Ала-Арча” дарыялары боюнча толук көлөмдө камсыз кылуу;
- “Башкара-Суу” суу алгычын жайкы сезонго даярдоо, кошумча аймакка 5 скважинаны бургулоо, аларды ишке киргизүү жана суу алуучу жайды кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн жер участогун трансформациялоону жол-жоболоштуруу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алсын;
- катуу белгиленген мөөнөттө кошумча аймактагы суу менен жабдуу обүектилерин иштеп жаткан технологиялык комплекс менен байланыштырып ишке киргизсин жана ичүүчү суунун кошумча көлөмүн берүүнү камсыз кылсын.
Мындан тышкары, «Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасын көбөйтүү милдети коюлду.