Свердлов районунда мектеп окуучуларынын жолдордо коопсуздугун уюштуруу боюнча иш-чаралар уланууда.

Иш-чара №76 мектеп гимназиясынын базасында өтүп,   ЖКККББ өкүлдөрүнүн катышуусунда окуучуларга сабактар өтүлүп, андан соң кесилиштерге  максаттуу жөө жүрүштөр өткөрүлдү.

Иш-чаралар  негизги кыймылдуу кесилиштерге жакын жайгашкан башка мектептерде да уюштурулат. Максаты - жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу.

Эскерте кетсек, буга чейин райондук администрация тарабынан окуучулардын жолдон өтүп бараткандагы коопсуздугу үчүн кесилиштерге  “Телефонду ташта” жана “Кулакчынды өчүр” деген сүрөттөр тартылган.

Муниципалдык администрация мектеп окуучуларынын жолдордо коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык ата-энелерди балдарына жарык чагылдыруучу кийимдер менен камсыздоого чакырат.