“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Каралаев менен 7-Апрель көчөлөрүн бириктирген Сухэ-Батор көчөсүн жарыктандырышты.
40 даана темир-бетон тирөөч, 60 даана 50 жана 100 Вт кубаттуулуктагы светодиоддук лампа, ошончо эле сандагы кронштейндер орнотулду. Ошондой эле 1600 метр узундуктагы өзүн кармай турган изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө караңгы болсо, ишкананын диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн жеткиликтүү: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp: 0777 902- 115 аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.