"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасында көйгөйлөрдү чечүү жана ишкананын ишин жакшыртуу боюнча кеңешме өттү.

Жыйынга "БЖАИ" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.

Эске сала кетсек, ишкананын автобустарында рейд жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин транзакциялардын саны күнүнө 170 миңге жакын болсо, рейддин натыйжасында күнүнө 300 миңге жеткен, бул болжол менен 3 миллион сомду түзгөн.

Мунун натыйжасында ар бир каттамга план коюлуп, бүгүнкү күндө пландын аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Жыйындын натыйжасында планды аткарбаган, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Айдоочулар коюлган талаптарга макулдугун билдиришип, ишкананын ишин жакшыртуу, тейлөөнүн сапаттуулугун көтөрүүнү макулдашты.