Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор үчүн иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө арналган чоңдор арасындагы фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
"Көркөм ишмердүүлүк" номинациясында Кыргыз азиздер жана дүйлөйлөр коому баштапкы уюмдарынын чоңдорунун арасында байгелүү орундарга ээ болушту:
- Гран-при - Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы жаштар уюму;
- 1 – орун-Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюму;
- 1-орун - Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы жаштар уюму;
- 2-орун - Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюму;
- 2 – орун-№1 Бишкек окуу-өндүрүш ишканасы.
Фонддордун жана реабилитациялык борборлордун, коомдук уюмдардын арасында:
- Гран-при-"Үмүт-Надежда"балдар реабилитациялык борборунун алдындагы өз ара жардамдашуу топтору;
- 1-орун - "Жаңыртуу" коомдук кайрымдуулук фонду;
- 2-орун-майыптыгы бар адамдар үчүн "Аяр"шаардык реабилитациялык борбору;
- 2-орун – "Манас" социалдык айылы " Коомдук бирикмеси;
- 2-орун - "Оберег" реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;
- 3-орун - "Global Hope" коомдук фонду.
"Прикладдык искусство" номинациясында Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюмдарынын чоңдорунун арасында:
- Гран-при - Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюму;
- 1 — орун-Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы жаштар уюму;
- 2-орун-№2 Бишкек окуу-өндүрүштүк ишканасы.
Фонддордун жана реабилитациялык борборлордун, коомдук уюмдардын арасында:
- Гран-при-"Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун алдындагы өз ара жардамдашуу топтору;
- 1-орун-майыптыгы бар адамдар үчүн "Аяр" шаардык реабилитациялык борбору;
- 1 орун — "Оберег" реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;
- 2-орун — "Манас" социалдык айылы Коомдук бирикмеси;
- 3-орун - "Жаңыртуу" коомдук кайрымдуулук фонду;
- 3-орун - "Global Hope" коомдук фонду (Глобал хоуп);
- 3 — орун -"Мээрим" өзгөчөлүктөрү бар балдарды социалдык реабилитациялоо бөлүмү;
- 3 — орун-Майып Аялдардын Республикалык Көз Карандысыз Ассоциациясы;
Фестивалга катышуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген 17 коомдук бирикмелерден, фонддордон жана реабилитациялык борборлордон арыздар келип түштү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын чыгармачылык чеберчилигине дем берүү, активдүү коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында шаар мэриясы тарабынан Майыптардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын өздүк көркөм чыгармачылык фестивалы, прикладдык искусство конкурсу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында спартакиада өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, жыл сайын 3-декабрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленет.