Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чара өттү.

Мэр өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэриясы мындан ары да өзгөчө балдарга колдоо көрсөтүп, алардын  кызыкчылыктарын ишке ашырууга, келечекке пландарды түзүүгө, бир сөз менен айтканда, аларга   ыңгайлуу   болушу үчүн бардык зарыл иштерди жасай турганын белгиледи.  

Айбек Джунушалиев ар дайым жанында болгон ата-энелерге, окутуучуларга жана тарбиячыларга түмөн түйшүгү бар үзүрлүү эмгеги үчүн, ошол эле учурда балдарды жылуу кучагына алган мээримдүү тарбиясы үчүн терең ыраазычылык  билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле Эл аралык майыптар күнүнө арналган фестивалдын жеңүүчүлөрүн жана шахмат, шашки, стол тенниси, армрестлинг жана пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасында өткөн спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.  Бардык жеңүүчүлөргө дипломдор жана грамоталар, ошондой эле таттуу белектер тапшырылды.

Балдардын адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Көркөм иш-чаралар» номинациясында төмөнкү  мекемелер байгелүү орундарга ээ болушту:

- Гран-при - №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 1-орун – №164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 2-орун – №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 2-орун – №87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Республикалык адистештирилген мектеп-интернаттардын арасында:
- 1-орун - азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 1-орун - угуусу начар жана кеч укпаган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 1-орун - дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты.

Атайын (көмөкчү) мектептердин арасында:
- Гран-при - №30 атайын (көмөкчү) мектеп;
- 1-орун - №34 атайын (көмөкчү) мектеп;
- 1-орун - №22 атайын (көмөкчү) мектеп.

Адистештирилген балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында “Прикладдык искусство” номинациясында:
- Гран-при - №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 1-орун - №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 2-орун - №87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - №174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- 3-орун - №164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Республикалык адистештирилген мектеп-интернаттардын арасында:
- Гран-при – угуусу начар жана кеч укпаган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 1-орун – азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты;
- 2-орун – дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты.

Атайын (көмөкчү) мектептер арасында:
- Гран-при - №34 атайын (көмөкчү) мектеп;
- 1-орун - №22 атайын (көмөкчү) мектеп;
- 2-орун - №30 атайын (көмөкчү) мектеп.

Белгилей кетсек, фестивалга катышуу үчүн 11 балдар уюмдарынан жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген коомдук бирикмелерден, фонддордон жана реабилитациялык борборлордон арыз түшкөн.

Борбор калаанын мэриясы тарабынан даректүү социалдык жардам үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө. Бишкек шаарында эле кошумча даректүү жардамдын 22 түрү көрсөтүлөт. Мындан тышкары 22 түрдүү коомдук уюмдар, бирикмелер жана борборлор менен кызматташат.