Октябрь жана Ленин райондорунун жалпы билим берүү мекемелеринде эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

№22 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган иш-чара   өттү. Балдар Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынан үзүндү коюп, балдар тартылган "Чыпалак" мультфильмин көрсөтүштү.

№62 гимназиянын окуучулары Айтматов таануучу Лайли Үкүбаева менен жолугуп, Чынгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын каармандарынын монологунан үзүндүлөрдү аткарышты.

№181 балдар бакчасында "Айтматов кылым ааламы" аттуу иш-чара уюштурулду. Тарбиячылар "Ак Кеме" жана "Биринчи мугалим" чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү.

№103 орто мектебинде улуу жазуучунун чыгармаларынын көргөзмөсү болуп өттү. Башталгыч класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын сүрөттөрүн тартышкан.