Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 24-26-ноябрь аралыгында Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн оор атлетика боюнча XXXV эл аралык турнир өттү.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Голландиядан келген спортчулар катышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментине караштуу оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун Курбанахун уулу Дилмурат 81 кг;
2-орун Рыскелди Алишеров 81 кг. (Кыргыз Республикасынын МС нормативин аткарган);
2-орун Талант Туратбеков 67 кг салмакта;
3-орун Курбанбек кызы Айдай 55 кг. (Кыргыз Республикасынын КМС нормативин аткарган);
3-орун Айтегин Жолдошкулов 89 кг;
3-орун Азамат Жайлообек уулу 81 кг;
3-орун Нурланбек уулу Нурчолпон 73 кг;
3-орун – 102 кг салмакта Мухаммед Минназаров;
3-орун Илхам Кадырахунов 109 кг.