Кыргыз Республикасынын дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын базасында Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата спартакиада өткөрүлдү. Свердлов районунун спорт инструкторлору эстафета, кыймылдуу оюндар жана аркан тартыш өткөрүштү.
Мелдешке интернаттын бардык окуучулары, 350гө жакын окуучу катышты. Жигиттер эстафетага активдүү катышып, кыймылдуу оюндарда жарышып көңүл ачышты, баары аркан тартууга аракет кылышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командаларга медалдар жана дипломдор, ошондой эле биринчи орундарга командалык кубоктор тапшырылды.