Коллегиянын талкуусуна эки маселе коюлду: 2023-2024-жылдардагы жылытуу мезгилинен өтүү жана Ленин райондук администрациясынын аппаратындагы, МАБдагы жана кызматтарындагы аткаруу тартиби.
Күн тартибиндеги бардык отчеттор эске алынды.
Биринчи маселе боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди:
- кыш мезгилинде коюлган тапшырмалардын өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;
- белгиленген керектөө лимиттеринин (электр, жылуулук, ичүүчү суу жана саркынды суулар) сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алуу;
- жаратылыш газына кошуу жана альтернативдик отунга өтүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ж.б.
Экинчи маселе боюнча төмөнкүлөр тапшырылды:
- контролдук документтердин жана жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;
- документтердин аткарылышын контролдоону уюштуруунун натыйжалуу системасын камсыз кылуу, ошондой эле аткаруу тартибин чыңдоо боюнча иштерди жүргүзүү.