Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ленин акимиатында райондун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы алдында жыйын  өттү.

Жыйынга Ленин районунун имамы, Ленин РИИБнин башчысынын орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жарандар арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү маселеси талкууланды.

Жыйындын соңунда МАБдын жетекчилерине калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана үй-бүлөлүк салтанаттарды, эскерүү иш-чараларын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту жана ашыкча чыгымдарды жоюуга чакыруу тапшырылды.