Бишкек шаарында коомдук транспорттун дагы бир схемасы бекитилди.

Ошентип, №107 автобус жаңы схема боюнча жүрө баштады.

2023-жылдын 17-ноябрынан баштап №107 маршруттук кичиавтобустун ордуна «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлеген Арча-Бешик конушу – Ак-Босого конушу боюнча жаңы №107 автобус каттамы ишке киргизилген.  №107 автобустук каттамдын узундугу 38,4 чакырымды түзүп, 8-10 мүнөттүк аралыкта каттайт. Бул каттамда 15 автобус бар.

Ошондой эле №203, 162, 252, 131, 145, 121, 150 маршруттук таксилерди автобустарга алмаштыруу пландалууда.