Октябрь акимчилигинде райондун башчысы Жаныбек Орозалиевдин, МАБдын  башчыларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмге каршы аракеттенүү маселеси талкууланды.

Алдын алуу максатында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү экстремисттик агымдын пропагандасына бөгөт коюу тууралуу айтып беришти.

Маалыматтык рейд 22-ноябрда башталып, РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан райондун студенттери жана окуучулары арасында профилактикалык сүйлөшүүлөр да өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №141 “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча” токтомун аткаруу максатында өткөрүлүүдө.