«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерди көрктөндүрүү иштерин баштады.

Эске сала кетсек, буга чейин муниципалдык аймактын бул бөлүгү мыйзамсыз соода түйүндөрүнө толгон. Эми Бишкек мэриясы тарабынан бардык мыйзамсыз объектилерди демонтаждоодон кийин ишкананын  кызматкерлери жаңы кичи аянтчаны курууга киришти.

Аталган жай буга чейин турмуш-тиричилик жана курулуш таштандыларынан тазаланып,  көчөттөрдү отургузуу үчүн топурак даярдалып, бул парктагы алгачкы 25 ийне жалбырактуу көчөтү отургузуу үчүн чуңкур  казылган.

Бүгүнкү күндө 350 погон метр сугат системасы орнотулду, келечекте бул аянт тамчылатып сугарылат.

Газон чөптүн үрөнү 1429 чарчы метр аянтка себилет, андан кийин бир жылдык гүлдөр жана башка жалбырактуу бак-дарактар менен бадалдар түрүндөгү жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.