Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» акциясын колдоо максатында кызгылт сары флешмоб өткөрүштү.

Акция «Бишкек Парк» соода борборунда өтүп, жарандарга кызгылт сары түстөгү шарлар жана зордук-зомбулук маселелери боюнча телефон чалуулар үчүн ишеним телефондору жазылган маалымат буклеттери таратылып, мандарин да тартууланды.

Акциянын негизги максаты – калктын үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка сабырсыздыгын күчөтүү, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын  25-ноябрында республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша! урааны менен гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталган.

Кампаниянын башталышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Маалымат: Бүгүн кызгылт сары түс аялдар зордук-зомбулукка кабылбаган жакшы келечекке болгон үмүттү билдирет.

Кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун активисттери тарабынан негизделген жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору тарабынан координацияланып келет. Бул дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат.