Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясынын алкагында №14 орто мектепте зомбулук көйгөйүн калк арасында түшүндүрүү максатында иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук прокуратуранын, билим берүү башкармалыгынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп окуучулары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты - аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюунун калк арасында эрте алдын алуу.
Урматтуу шаар тургундары! Коомдук кооптуу кырдаалда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурда социалдык коргоо органдарына 51 03 75 телефон номери боюнча, балдарга жардам көрсөтүү борборуна 54 29 34, 44 25 10 телефон номурлары боюнча, ошондой эле 111, 112, 115, 102 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.