Чоң-Арык конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) курулушунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Семетей 6 (Северная 31) көчөсүндө жайгашкан муниципалдык турак эмес жайды бошотуп жатат.
Аталган иш-чара муниципалдык аймакты өз алдынча орнотулган объекттерден, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө мурда берилген билдирүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жалпы аянты 320 чарчы метр имарат жана аянты 200 чарчы метр жер участогу бар бастырма бошотулат.