Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Дордой конушунда канализациялык-насостук станцияны орнотуу менен канализация тармагын курууну улантууда.
Магистралдык канализация тармагынын узундугу - 10,1 км.
Учурда диаметри 200-150 миллиметр болгон асбест цемент басымсыз түтүктөрдү салуу жана диаметри 150 миллиметр темир-бетон резервуарын жана басымдуу канализация тармагын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Подряддык уюм "Дрим строй" ЖЧКсы.