Борбор калаада КУДО боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жана чемпионат өттү.

Мелдешке Бишкек шаарынын 9 командасынан 200дөн ашык спортчулар катышты: “Бикутори”, “Мектеп КУДО 60”, “Хабиб”, “Витязь”, “Талант”, “Бекболсун”, “Беби-Бум”, «М-1 (КУДО)» жана «Армада».

Иш-чаранын максаты - Бишкек шаарында КУДО күрөш өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, жогорку моралдык жана физикалык сапаттарды калыптандыруу, спортчулар менен машыктыруучулардын достук байланышын чыңдоо, өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоо, Бишкек шаарынын КУДО боюнча курама командасын түзүү үчүн күчтүү жана келечектүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык мелдеште орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – “Bicutori” клубу;
2-орун – «Витязь» клубу;
3-орун – “Хабиб” жана “Талант” командалары бөлүштү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы КР КУДО федерациясы менен биргеликте уюштурду.