"Тазалык" муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери катуу тиричилик таштандылары үчүн карызын төлөбөгөн жарандарга рейд жүргүздү.
Бишкектин төрт районунда жеке жана юридикалык жактардын төлөбөгөндөрдүн дарбазаларына жана тосмолоруна "Тазалык сенден башталат" деген жазуу чапталган.
Натыйжада 120 абоненттен 181 миң 153 сом чогултулган. Бул акция карызы барларды коомчулук алдында абийирге чакырып, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу аракети болуп саналат. Мындай рейддер жума сайын өткөрүлүп турат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында шаар тургундарынын жана ишкердик субъекттеринин "Тазалык" муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 миллион сомдон ашат.