28-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы №103 маршруттук каттам "БЖАИ" МИ  муниципалдык ишканасы тарабынан тейленүүдө.

Мындай чечимди шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия кабыл алып, азыр №103 кичиавтобустун ордуна ушундай номурлуу автобустар каттайт.

Маршрут Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин каттайт, узундугу 34,8 км, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Каттамда 20 автобус бар.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук таксилер толугу менен автобустарга алмаштырылат.