Бишкек шаарынын төрт районунда тең жол тыгынын жоюу боюнча массалык рейд жүргүзүлүп жатат, анын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулуп турушу болуп саналат.
Иш-чара мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы астында шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн, райондук администрациялардын, муниципалдык мүлктү башкаруу  боюнча департаментинин, "Бишкекасфальтсерсвис" жана "Бишкекбашкыархитектура" МИнин өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышышты.
Тактап айтканда, рейд Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары  жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Киев, Абдрахманов көчөлөрүндө жана шаардын башка негизги жолдорунда жүргүзүлүүдө.
Эвакуацияланган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматын – 1250 сом, унаа токтотуучу жайдын кызматын – 100 сом, ошондой эле административдик айып пул – 1000 сом төлөшү керек.
Бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.
Урматтуу шаардыктар, унаа сүйүүчүлөр! Унааларды туура эмес жерлерге токтотпоону суранабыз, антпесе муниципалитет эвакуациялоо чараларын көрүүгө, ошондой эле айып пул салууга аргасыз болот.