Октябрь районундагы мектептердин биринде окуучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, орусиялык “Голос” долбоорунун финалисти, коомдук жана кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан Кайрат Примбердиев менен жолугушту.

Жолугушууда Примбердиев күрөш өнөрүнө кызыгып, спорт залдарына байма-бай барып, чет тилдерди үйрөнүп турарын айтып өттү. Жолугушуу позитивдүү маанайда өтүп, Октябрь районунун ар кайсы мектептеринен 100дөн ашык окуучулар, анын ичинде “тобокел тобундагы” балдар катышты.

Жолугушууда Кайрат Примбердиев чогулган аудиториянын бардык суроолоруна жооп берип, ошондой эле студенттерди кичи мекенин сүйүүгө, патриот болууга чакырды.

Ырчы бардык өспүрүмдөрдү чыгармачылыкка, китеп окууга, улуу муунду сыйлоого, сергек жашоого чакырды.