Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баш калааны көрктөндүрүү маселеси боюнча кыдыруу өткөрдү.
Шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.
Калаа башчысы кыдыруу учурунда төмөнкү тапшырмаларды берди:
- шаардын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу жана борборду жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасоо;
- "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы эски системанын чегинен чыгып, көрктөндүрүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн эске алуу менен күзгү-кышкы бутоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле "Ак үйдүн"периметри боюнча сейил бактардын жана скверлердин ландшафттык дизайнын иштеп чыгуу;
- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 2024-жылы Раззаков көчөсүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- туунун айланасындагы тосмолорду эстетикалык көрүнүшкө ылайык келтирүү, анткени бул аймак шаардын борбору болуп саналат;
- Ала-Тоо аянтынын аймагындагы гүл идиштердин эстетикалык көрүнүшүн шайкеш келтирүү;
- борборду натыйжалуу көрктөндүрүү системасын иштеп чыгуу;
- келечекте шаардын бардык аймагында окшош долбоорлорду колдонуу.