Борбордун мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын жыйынтыгында, мамлекеттик органдар менен макулдашуу менен, ири реконструкциядан кийин Жибек-Жолу проспектиси, 286 дарегиндеги мончо-ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу тапшырмасын берди.

Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт, 240 орундуу (120 эркек жана 120 аял), буу бөлмөсү, бассейн, гардероб, массаж бөлмөсү, сулуулук салону, эс алуу бөлмөсү, намазкана жана ашкана, мүмкүнчүлүгү чектелген өзгөчө жарандар үчүн лифт, автопарк бар.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагына ылайык, долбоор "Нур-Строй-Групп" ЖЧК уюму тарабынан иштелип чыккан, ал эми курулушту "Лидер Хаус КК"ЖЧК подрядчысы жүргүзгөн.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бардык ыңгайлуулуктары бар жана жеткиликтүү баада жаңыланган жана заманбап комплексте эски жана жаңы досторду, жакшы буу сүйүүчүлөрүн күтөбүз, иштөө режими – күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин.