2023-жылдын 15-ноябрында саат 14:00дө Жибек-Жолу проспектисинде жол кырсыгы катталып, №48 автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзгөн.
Тогуз адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Автобустун айдоочусу өзү да жаракат алган.
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда ишкананын айдоочусу Кулжабаев К. жумуштан четтетилген.
Ошондой эле, К.К. кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурат, тактап айтканда, экспертизадан өткөндөн кийин унааны калыбына келтирүүдөгү, акыркы чыккан сумманы төлөйт.
Мындан сырткары ишкананын бардык айдоочуларына жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.