Биринчи май районундагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасын көбөйтүү максатында акимчиликте жумушчу жыйын өттү.
Жетекчинин орун басары Чыңгыз Байсовдун төрагалыгы астында «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары Кубанычбек Асылбеков жана МАБнын катышуусунда бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча келишим түзбөгөн жарандарды жана чарбалык субъектилерди аныктоо боюнча күчөтүлгөн рейддерди улантуу тапшырылды.
Ошентип, Ч.Байсов райондук ички иштер бөлүмү, «Тазалык» МИ жана МАБ менен бирдикте келишимдин жоктугу боюнча фактыларды издөө максатында жер-жерлерди кыдырып чыгышкан.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Белгилей кетсек, абоненттик базаны толуктоонун эффективдүүлүгү үчүн акимчиликтин, РИИБнин, «Тазалык» ишканасынын, МАБнын өкүлдөрүнөн 17 топ түзүлүп, күчөтүлгөн рейддерди өткөрүүгө багытталган.
№ 12 МАБда - 6 топ, №13 МАБда - 4 топ, № 14 жана 16 МАБда - 2 тайпа, №15 МАБда - 3 топ болуп, иштин аткарылгандыгынын жыйынтыгы боюнча жума сайын жыйындар өткөрүлөт.