Бишкек шаарында Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Жомогу кумдай куюлган, жоголбойт тили кыргыздын” аттуу кароо-сынак өттү.
Калыстар тобунун курамына Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Айнура Сооронбаева, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Шербаева, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилде иш кагаздарына лингвистикалык экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зарема Сапарбаева киришти.
Иш-чаранын ардактуу коногу «Кыргыз тили» коомдук бирикмесинин президенти Райымжан Курбанов болду.
Чыгармачылык турнирде №6, 19, 27, 28, 29, 54, 70, 78, 86, 99 мектептердин командалары ат салышып, жигиттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү даярдашты.
Ошентип, баш байгени №6 мектеп алды, аларга ноутбук тапшырышты, 1-орунду №70 мектеп алып, байгеси проектор болду, 2-орун №19 мектепке берилип, микрофон тапшырылды, 3-орунду №86 мектеп жеңип, байге катары маркердик такта алышты, калган командалар көңүл жубатуучу сыйлыктарга–портативдүү колонкаларга ээ болушту.
Соңунда катышуучулар «Бишкегим» ырын аткарышты.
Мелдештин демилгеси жана уюштуруучулары Биринчи май районунун администрациясы.