Райондук акимчиликтерде укук бузуулар боюнча комиссиялар ишин улантууда.
Октябрь акимиатында Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан түзүлгөн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык сегиз протокол каралып чыкты.
«Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу» 114-беренеси боюнча «Турпан Строй» ЖЧКсына, «Энглисова» ЖЧКсына, жеке ишкер Дүйшеналиева Г.Ч., жеке ишкер Солтонов А.С., «Умай Групп» ЖЧКсына ар бирине 13 000 сомдон жалпы 65 000 сомго беш айып салынган.
«Таштандыларды белгисиз жерге ыргытуу, өрттөө» 115- берененин 1- бөлүгү боюнча «Каппа» ЖЧКсына 23 000 сом, жеке ишкер Беккулов А.Т., 17 000 сом, «Умай Групп» ЖЧКсына 23 000 сом айып салынды.
Жалпысынан мыйзам бузуулар боюнча протоколдордун суммасы 128 000 сомду түздү.
Белгилей кетсек, укук бузуулар боюнча комиссиянын жыйыны жумасына бир жолу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз. Болбосо, инспекция менчигинин түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.