"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган тротуардагы кемчиликтерди жоюп жатат.
Логвиненко көчөсүндө ирригациялык лотоктордун түтүктөрүн башы бетондоло башталды, Москва көчөсүндө ирригациялык түйүндөрдүн бириккен жерлери бетондолуп жатат, ошондой эле Бөкөнбаев көчөсүнө тротуардык бордюрлар орнотулууда.
Ишкананын кызматкерлери Исанов, Тоголок Молдо, Логвиненко жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү тротуарлардын курулуш иштерин карашты.
Белгилей кетсек, курулуш иштеринин жүрүшүндө подряддык уюмдар аныктаган кемчиликтер жоюлмайынча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын балансына өтпөйт.
Ошондой эле келишимди бузган подряддык ишканаларга карата катуу чаралар көрүлөт.